16:26, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мурат Суталиновдо гипертониялык криз болгон, - Улуттук онкология борбору

На русском
12:38, 16 чын куран 2019 238
Мурат Суталинов
Мурат Суталинов
// АКИpress

Баракелде -  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Марат Суталиновду камактан бошотуу боюнча 15-апрелдеги Бишкек шаардык сотундагы отурум ведомствонун өкүлдөрүнүн жоктугунан улам жылдырылган деген маалыматтарды жана жарандык сектор өкүлдөрүнүн арызын четке какты.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Мурат Суталинов 1-апрелден баштап Улуттук онкология борборунда дарыланып жатат.

Улуттук онкология борборунун билдирүүсүнө ылайык, 11-апрелде Мурат Суталиновдо гипертониялык криз (жүрөк-кан тамыр системасынын артерия кан басымынын туруктуу жогорулашы менен мүнөздөлгөн оору) болгон. Ошого байланыштуу дарыгер аны Бишкек шаардык соттун соттук отурумуна алып баруу үчүн ЖАМКтын күзөтчүсүнө берүүдөн баш тарткан. Аталган факт боюнча акт түзүлгөн.

«ЖАМК абактагылардын ден соолугунун абалын түшүнүү менен кабыл алып, ооруган айыпталуучулар менен дайыма жолугуп, алардын дарылануусу үчүн керектүү жардамын көрсөтөт», - деп айтылат басма сөз кызматында.

Кечээ, 15-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку башчысы Мурат Суталиновду камактан бошотуу боюнча сот отуруму өткөн. Бирок М.Суталинов отурумга келген эмес.

Жактоочунун айтымында, соттолуучунун ден соолугу начарлап кеткен. Ошондой эле отурумга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү да келген эмес. Судья отурумду жылдырган.

15-февралда Ленин райондук сотунда Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу бошотуу тууралуу ишти караган сот отуруму өткөн. Жыйынтыгында төрагалык кылуучу судья Бактыбек Сыдыгалиев М.Суталинов бошотулбай турганын билдирген.

Жактоочунун берген маалым каты боюнча, Суталинов онкологиялык оорудан (4-даражадагы бөйрөк рагы) дарыланып жатат. Ал химиотерапия курсунан өткөнүн, ошондой эле дарыланууну улантып, иммуннотерапия курсунан өтүүсү зарыл экенин билдирди. Ал президенттин атына учурдагы мамлекеттик кызматкерлер, баатырлар, генералдык курам, медициналык кызматкерлер тарабынан жолдонгон кайрылуунун көчүрмөсүн кошо тиркөөнү суранган. Буга прокурор каршы болбой, сот өтүнүчтү канааттандырган болчу.

Мурат Суталинов 2005-2010-жылдары Башкы прокуратураны, ИИМди жана УКМКны жетектеген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком