16:25, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дача СУдагы авиакырсык боюнча иш кайра каралат, - башкы прокурор

На русском
12:36, 16 чын куран 2019 235
Дача СУдагы учак апааты
Дача СУдагы учак апааты
// АКИpress

Баракелде -  Бүгүн, 16-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин отуруму өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев Дача СУдагы авиакырсык боюнча суроо берди.

Эл өкүлү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон: «Боингдеги жүк тууралуу эмне белгилүү, ал кимге таандык, контрабанда эмеспи?», - деп сурады.

Ал эми Ө.Жамшитовдун айтымында, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш кайра каралат.

«Учурда тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен маалымат берилет. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн толук маалымат айтпайм», - деген башкы прокурор айтылган сөздөр тергөөнүн жүрүшүнө таасир тийгизиши мүмкүн экенин кошумчалады.

-------------------------------------------------------------------------

Гонконг — Бишкек — Стамбул каттамындагы учак 2017-жылдын 16-январында саат 07:17 чамасында «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам каза болуп, 23 үй талкаланган эле. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар болчу. Көз жумгандардын эң кичүүсү 4 айлык ымыркай жана эки кош бойлуу келин бар.

Учактын бортунда ар кандай 86 тонна жүк болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком