11:37, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тарых музейи менен ат майданды реконструкциялоодо 247 млн сом чыгым болгон. Тиешелүү делген чиновниктер

На русском
11:49, 16 чын куран 2019 203

Баракелде -  Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен») Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоого байланыштуу иш кандай тергелип жатканына кызыкты. Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитеттин бүгүн, 16-апрелдеги отурумунда зыяндын көлөмү жана фамилиялар айтылып жатканын билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, Тарых музей менен ат майданды реконструкциялоого байланышкан иш бир өндүрүштө каралып, мурунку 6 чиновникке 303-берене менен айып тагылган. Ал эми мамлекетке келтирилген жалпы чыгым 247 млн сом болгонун, анын ичинен 101,6 млн сом музейге, 145,9 млн сому ат майданга тиешелүү экенин айтты.

Бул иштерге байланыштуу аты аталып жаткан адамдарды да атады. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков, Айдарбек Мендеев. Бирок алар толук күнөөлүү деп табыла электигин, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Айдарбек Мендеев «СМУ-3» ЖЧКнын түзүүчүлөрүнүн бири. Шайбек Атамбеков болсо Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком