02:51, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Париждеги чиркөөдөн ири өрт чыкты

На русском
08:39, 16 чын куран 2019 420

Баракелде -  Франциянын борбору Париж шаарындагы Нотр-Дам чиркөөсүндө өрт чыккандыгын борбордун өрт өчүрүү кызматы билдирди. Чиркөөнүн ичиндеги адамдар коопсуз жайга чыгарылгандыгын Би-би-си маалымат кызматы маалымдады.

Чиркөөнүн өкүлүнүн айтымы боюнча, өрт жергиликтүү убакыт менен саат 18:50дө башталган. «Франс Пресс» агенттигинин маалыматы боюнча, өрттүн чыгышы оңдоо иштерине байланыштуу болушу мүмкүн.

Париждин мэри Анн Идальго социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу бул окуяны коркунучтуу деп атап, чиркөөнүн жанындагы адамдарды коопсуздук чараларды сактоого чакырды.

c29b50e7-0d29-430d-ad35-5ca2e95c5dd3

Өткөн жылы Франциядагы католик чиркөөсү Нотр-Дам чиркөөсүн оңдоп түзөө үчүн акча каражатын топтоп баштаган. Бул чиркөө XII-XIV кылымда курулуп, учурда Европадагы белгилүү туристтик жай болуп саналат.

6856b3bc-0138-4561-95e3-80c311e41ad5

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун айтымында, чиркөөнү калыбына келтирүү үчүн замандын мыкты усталары иш жүргүзөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком