03:55, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада сабалып көз жумган кыргызстандык жигиттин денеси мекенине жөнөтүлдү

На русском
18:04, 15 чын куран 2019 208
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Россиядагы Москва шаарында катуу сабалып каза болгон кыргызстандык жигиттин денеси мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маркум — Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун 1990-жылы туулган тургуну Т.Н. экени такталып, денеси соттук-медициналык экспертизага берилген. Андан кийин 12-апрелде Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Бул факты боюнча Москванын тергөө башкармалыгы Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренсинин 4-бөлүмүнүн негизинде (ден соолукка өлүмгө жеткирүүчү зыян келтирүү) кылмыш иш козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Шаардын «Москва» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, денени тапкан күбөлөр милиция кызматкерлерине 11-апрелде күндүз кабарлашкан. Айтылган дарекке барган тиешелүү кызматкерлер темир жолдун алдындагы көпүрөдөн — суу тараптан башынан катуу жаракат алган адамдын денесин табышкан. Ошондой эле окуя болгон жерден кан чачыраган 3 таш, жон баштык, бут кийимдер, документтер жана 500 рубль өлчөмүндө каражат табылганы айтылды.

Көп узабай маркумдун өздүгү такталып, Кыргызстандын 1990-жылы туулган жараны экени аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Москва шарында жашап, бирок эч жерде иштеген эмес.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком