03:55, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Германиянын элчиси Кыргызстандан кызыктуу жана кооз сүрөттөрдү жөнөтүп турат

20:09, 15 чын куран 2019 115

Баракелде -  Германиянын Кыргызстандагы элчиси жыл сайын Кыргызстандан кызыктуу жана кооз сүрөттөрдү жөнөтүп турат. Бул тууралуу Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча мамлекеттик министри Флориан Херманн 2 күндүк иш сапары менен барган президент Сооронбай Жээнбеков менен бүгүн, 15-апрелдеги жолугушууда билдирди.

Өлкө башчыны жылуу тосуп алган Флориан Херманн: «Бул биздин достук мамилелер үчүн жакшы жышаан. Бүгүн сиздерди абдан кызыктуу жолугушуулар күтөт жана алардын бири — Мюнхендин илимий-изилдөө борбору да болуп эсептелген айыл чарба ишканасына баруу», - деп белгилеген.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, маектешүүнүн аягында президент Сооронбай Жээнбеков Бавария мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси Флориан Херманнды жана Бавария жетекчилигин Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком