18:53, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Кыргызстандагы абактардын абалы жана соттолгондордун эмгектери

На русском
17:03, 15 чын куран 2019 100

Баракелде -  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы жабык мекемелердин жана СИЗО-50 мекемесинин абалы менен таанышты. Ал ЖАМКтын кызматкерлерине курулуп жаткан үйдүн курулушун да текшерди.

Мелис Турганбаев №1, 26, 27, 31 (оорукана) мекемелердин абалын көрүп келди. №31 ооруканадан тышкары аталган мекемелердин баары капиталдык оңдоого муктаж. Имараттар эски болуп, айрымдарында ашкана жок.

ЖАМКтын башчысынын айтымында, эки айдын ичинде айрым имараттар оңдолду. Ошондой эле абактарда жыгач буюмдар, таман таш, тикенектүү зымдар жасалган ар кандай цехтер бар. Абактагылардын эмгек акысы кээ бирде тамак-аш менен төлөнөт. М.Турганбаев мекемелердин башчыларына эмгек акыны мындай жол менен төлөөнү токтотуп, акчаны соттолгон адамдын өздүк эсебине которууга тапшырма берди.

М.Турганбаев белгилегендей, кадр ротациялоо, абактардагы коррупцияны жок кылуу иштери улантылат. Абактагы ар бир кызматкердин коопсуздугу үчүн көкүрөккө тагылуучу видеокамера менен камсыздоо пландалып жатат. Жакында бардык абактарда видеокамера орнотулуп, ал эми борбор ЖАМКта жайгашат. Мындан тышкары жабык мекемелерде ашканаларды оңдоп, жаза өтөп жаткандарга эртең менен, түштө жана кечинде тамак берүү пландалууда.

М.Турганбаев укук коргоо органдары жана сот органдарынын соттолгон кызматкерлерине арналган ИК-27 обочолонгон тилкесине («кызыл зона») барды. Учурда ал жерде Башкы прокуратуранын мурунку башкы тергөөчүсү Кылычбек Арпачиев, Коргоо кызматынын төрагасынын орун басарлары Нурлан Темирбаев, Д.Дунганов, прокурор Кубанычбек Мамакеев, Тажикстандын ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалган милиционерлери жана 70тен ашык адам жаза өтөп жатат.

ЖАМКтын башчысы экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон адамдар жаза өтөгөн тилкеге да барды. Учурда ал жерде 100дөн ашык адам камакта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком