03:58, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чүйдө сатуучу аялды таанышы сабап кеткен

На русском
16:50, 15 чын куран 2019 133
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Чүйдүн Москва райондук соту Мадиарга карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

2018-жылдын 27-апрелинде болжол менен саат 00:40 чамасында Мадиар мас абалында Чүй облусунун Петровка айылындагы дүкөндөн жабырлануучу Дамиранын (А.А.Д., аты өзгөртүлдү) башына катуу буюм менен бир нече жолу чаап жиберген. Жаракат алган жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Айыпталуучу мас абалда болгондугун жана эч нерсе эстей албастыгын айтып, кечирим сураган.

Жабырлануучунун айтымында, 27-апрелде ал дүкөндө иштеп отурган. Болжол менен саат 10:00дө автоунаа менен 4 эркек киши кирип, сыра, арак жана тамеки сатып алышкан. Ошол эле автоунаа экинчи жолу барып, арак менен сыра сатып алышкан. 5-10 мүнөттөн кийин эшик такылдаганынан Дамира ачса, Мадиар анын оң колун чаап жиберип, андан кийин башына уруп баштаган. Мадиар аны сабап жатканда жанындагы киши карап турган. Жабырлануучу башы ооруганынан катуу кыйкырганда Мадиар жанындагы адам менен качып кеткен. Дамиранын башынан кан агып, шок абалда дүкөндү жаап коюп үйүнө кеткен. Үйүнө жетери менен кызы тез жардам кызматын чакырган.

Учурда жабырлануучу айыпталуучуга дооматы жок. Зыяндын орду толтурулган. Анын айтымында, буга чейин айыпталуучу ага мындай мамиле кылган эмес. Ал жоош, сылык жана туруктуу кардары болчу.

Жыйынтыгында сот Мадиарды күнөөлүү деп таап, 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө 4 жылга эркинен ажыратты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком