07:22, 19 чын куран 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Онлайн маркет Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия Кубогунда эки медаль утушту (сүрөт)

На русском
21:12, 15 чын куран 2019 41

Баракелде -  Кыргызстандык спортчулар Өзбекстандагы дзюдо боюнча Азия Кубогунун этабында эки медаль утушту. Кадеттер арасындагы турнир 12-13-апрель күндөрү Ташкент шаарында өтүп, жалпы 14 топтом медаль ойнотулду.

63 килограммга чейинки спортчулар арасында күч сынашкан Ажар Исаева өзбекстандык жана казакстандык спортчуларды үч жолу катары менен жеңип, финалга чыккан. Ал чечүүчү беттеште россиялык Анастасия Колесниктен жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Ал эми 78 килограммдан жогорку салмактагылар арасында Шахида Нармухамедова алгачкы беттеште казакстандык спортчудан жеңилип, жубатуучу турнирде өзбекстандык жана казакстандык дзюдочуларды утуп, коло медалга татыктуу болду. Ошондой эле Арсений Кладнов менен Адилет Аскарбеков 7-орунду алып, жаштар арасында мыкты жыйынтык көрсөтүштү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком