08:01, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Т.Батыралиев оор кырдаалда гемодиализ боюнча жоопкерчиликти алып, көйгөйдү чечкен, - эл өкүлү

На русском
15:53, 15 чын куран 2019 511
Церемония принесения присяги новыми членами правительства
Церемония принесения присяги новыми членами правительства

Баракелде -  Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүн, 15-апрелдеги жыйынында депутат Уланбек Примов (КСДП) жоопкерчилик тууралуу айтты.

«Чындыгында бизде жоопкерчиликти алып, аны бүгүнкү күндө ишке ашыруу оор. Анткени мыйзамдагы айрым учурлар аткаруу бийлиги үчүн көйгөйлөрдү оперативдүү чечүүгө жолтоо болот», - деди У.Примов.

Депутаттын айтымында, гемодиализ маселеси жаралганда аны чечүү жолун Т.Батыралиев тапкан.

«Мисалы, мен Батыралиевди (Талантбек Батыралиев) — мурунку саламаттыкты сактоо министрин коргобойм, бирок айтып коюу керек. Гемодиализ маселесин ал чечкен. Жыйынтыгында эмне болду? Кылмыш иши козголду. Бирок бул киши гемодиализ боюнча кырдаал оор болуп турганда жоопкерчиликти алып, көйгөйдү чечкен. Андыктан айрым учурда биздин чиновниктер, министрлер өзүнө жоопкерчиликти алып, маселени чечкенде, анын оң жана терс жактарын карайлы», - деди эл өкүлү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком