18:54, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

20 жаштагы Кыяз сүйлөшкөн кызын алдап унаага отургузуп, Баткенге ала качып кеткен

На русском
15:06, 15 чын куран 2019 1091
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Чүйдөгү Жайыл райондук соту 20 жаштагы Кыязга (аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Кыяз 2018-жылы 16-ноябрда достору менен Кара-Балта шаарынан Айганышты (аты өзгөртүлдү) Кызыл-Кыя шаарына ала качып кеткен. Өспүрүм кыз ага турмушка чыгууга каршы болгон.

Жабырлануучу Айганыштын айтымында, үй-бүлөсү менен Баткенден Кара-Балтага көчүп келишкен.

«Кыяз менен Баткенде жашап жүргөндө 1,5 жыл кыз-жигит катары сүйлөшкөм. Ал күнү Кыяз келип, Москвага кете турганын айтып, аэропортко чейин узатып коюуну суранды. Макул болуп, унаага отурдум. Андан кийин ала качып бара жатышканын түшүнүп, ага турмушка чыгууга макул экенимди айтып, үйүмө жеткирүүнү өтүндүм. Кыяздын үйүнө барганда ага турмушка чыгууга каршы болдум», - деди ал.

Жыйынтыгында сот Кыязды күнөөлүү деп таап, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен 7 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком