15:35, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202052 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (96 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (28 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Баракелде! 13 жаштагы Акылбек Казакстанда билим алууга 25 миң доллар грант утуп алды (сүрөт)

На русском
15:43, Чын куран айынын он беши, 2019 377

Баракелде -  13 жаштагы Акылбек Саламатов эл аралык «Infomatrix-2019» IT-сынагында жеңүүчү аталып, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу анын агасы Улан Саламатов билдирди.

Анын айтымында, сынак 9-14-апрель күндөрү Казакстандын Алмата шаарында өтүп, ага ар кайсы өлкөдөн 514 катышуучу катышты. Жыйынтыгында Акылбек робототехника категориясында алтын медалга татыктуу болуп, Казакстан-Британ техникалык университетинде билим алууга 25 миң доллар грант утуп алды. Учурда ал Европада өтө турган сынакка даярданып жатат.

«Иним Бишкек шаарындагы лицейде 7-класста окуп жатат. Былтыр да ушундай сынакка катышып, күмүш медаль алып келген. Быйыл чоң ийгилик жаратып, алтын медаль тагынды. Мындан тышкары Кыргызстандын ичинде республикалык сынактарга катышып жүргөн. Абдан кубанып жатабыз. Эл аралык сынакта 514 катышуучунун ичинен алтын медалга татып, Кыргызстандын атын чыгарды», - дейт Улан Саламатов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком