08:04, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Баракелде! Канттан уурдалган Данилди табууга 13 жаштагы Малика жардам берген (сүрөт)

На русском
14:33, 15 чын куран 2019 712

Баракелде -  Кант шаарында мектепке бара жаткан жолдон уурдалган 12 жаштагы Данилди табууга 6-класстын окуучусу жардам көрсөткөн. Мындай жардамы үчүн 2006-жылы төрөлгөн Усманова Малика Махмуджоновнага белек тапшырылганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Малика Кант шаарынын тургуну.

«Окуучуну уурдаган адамдар Чүй ОИИБ менен Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам аракеттеринин негизинде тез арада кармалды. Бул кылмышты ачууда шектүүлөрдүн изине түшүү үчүн окуяга күбө болгон Малика чоң роль ойноду. Ал милиция кызматкерлерине тез арада так маалымат берип, бул резонанстуу кылмыш иштин бетин ачууга жол көрсөттү», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Милиция кызматкерлери мугалимдер, мектеп жамааты жана окуучулардын катышуусунда жолугушуу уюштуруп, анын алкагында Маликага ыраазычылык билдиришкен. Ошондой эле Чүй ОИИБдин жетекчилиги жана жалпы курамдын атынан белектер, гүл, ардак грамота тапшырылды.

«Учурда мындай мамилелер өзгөчө мааниге ээ. Өспүрүмдөрдүн мындай кайраттуулугун айтып, сыйлоо зарыл. Өсүп келе жаткан муун туура багыт алганы өтө маанилүү», - деди Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов.

Ошондй эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери мектептин мугалимдерине ыраазычылык билдиришти.

-----------------------------------------------------------------------------

Данилди уурдап кетип, Бишкектин четиндеги гаражда камап отурган шектүүлөр 2 айга камакка алынганын бүгүн, 15-апрелде милициядан билдиришти.

Шектүүлөр

11-апрелде саат 08:40 чамасында Кант шаарындагы 2-кичи райондогу үйүнөн мектепке баруу үчүн чыккан 12 жаштагы Данил Браилкинди ак түстөгү «Хонда Фит» унаасы менен барган белгисиз адамдар алып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен каттоого алынган.

Уурулар Данилди унаага күч менен салып кеткен учур видеого тартылып калган:

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Данилди ошол эле күнү саат 21:30 чамасында Бишкектин четиндеги гараждан табышкан болчу.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө көзөмөл камерадагы видео аркылуу шектүүлөрдүн биринин дарегин аныкташкан. Ал ыкчам кызматкерлер тарабынан кармалып, көрсөтмө берген. Андан кийин Бишкек шаарынын четинде жайгашкан гаражда экинчи шектүү кармалган. Окуучу бала анын жанында болгон.

Шектүүлөр — 26 жаштагы Ш.Э. менен 32 жаштагы Р.В., экөө тең Ысык-Ата районунун тургундары. Алар өз көрсөтмөлөрүндө баланы анын ата-энесинен акча талап кылуу үчүн уурдап кетишкенин билдиришкен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком