20:52, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020
20:45, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 20208 ОшТУда илимий сессия жыйынтыкталды (сүрөт)
20:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 202026 Фоторепортаж — Коопсуздук кеңешинин жыйыны
Учурда окулуп жатат
11:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (33 адам окуп жатат)
Уулун 5 миң долларга сатып жаткан жаш келин жана анын аяш апасы кармалды
18:09, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (16 адам окуп жатат)
Сүрөт — Ала-Бел ашуусундагы тыгын 3 саатка созулду
13:22, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (9 адам окуп жатат)
Айыл турмушу: Айпери эки эсе төлөп берем деп ызы-чуу салган кишини унутпайт

Мамлекеттик чек араны бузган 3 казакстандык жаран кармалды

13:18, Чын куран айынын он беши, 2019 152

Баракелде -  12-апрелде Чүй облусунда Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган казакстандык 3 жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтар боюнча, кармалган казакстандык жарандар өткөрмө пунктунан сырткары жерден Казакстандын аймагынан Кыргызстанга өтүүгө аракет кылышкан. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн кармалган адамдар УКМКнын тийиштүү кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын УКМК жана Мамлекеттик чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын мыйзамсыз кесип өтүүдөгү мыйзамсыз фактыларды аныктоо боюнча тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасы аркылуу жигердүү иш алып барып келет. Анын жыйынтыгында жыл башынан бери мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 25тен ашуун чет элдик жарандар аныкталып, кармалган.

Учурда кыргыз өкмөтү тарабынан тышкы мигранттарды каттоонун бирдиктүү системасынын 2-этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, министрликтер жана мекемелерге өлкөдөгү миграциялык кырдаалды анализ кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком