03:55, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Түркияда сойкулар кармалып, телефондор, доллар жана сом табылды. Арасында кыргызстандык кыздар бар (сүрөт)

На русском
12:29, 15 чын куран 2019 789

Баракелде -  Түркиянын Балыкесир шаарында сойкулук менен алектенген чет өлкөлүк 13 аял кармалды. Алардын арасында кыргызстандыктар бар экенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Еnsonhaber.com басылмасынын маалыматы боюнча, алар атайын операциянын жүрүшүндө колго түшкөн.

«Аталган кыздар накталай акчасы жок кардарларга көрсөтүлгөн кызматтын акысын бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк беришкен. Сойкулук менен алектенген 13 кыз арасында Кыргызстан, Украина, Россия жана Өзбекстандын жарандары бар. Ошондой эле кардарларга социалдык тармак аркылуу кыз-келиндердин сүрөтүн жөнөтүп жана тандалган аялдын баасын аныктаган 42 шектүү аныкталып, алардын ичинен 33 адам сотко өткөрүлүп берилди. Ал эми кармалган кыздарды өлкөдөн чыгаруу боюнча иш-чаралар башталды», - деп айтылат басылманын маалыматында.

Balıkesir'de fuhuş operasyonu

Операциянын жүрүшүндө банктык карта аркылуу акча төлөнүүчү жабдык (POS-терминал), 25 уюлдук телефон, 3 миң 900 доллар, 4 миң 925 лира, 870 сом жана сойкулукка байланыштуу буюмдар табылып алынды.

Balıkesir'de fuhuş operasyonu

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком