11:10, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Небере кыздын мыкаачылыгы: 17-18 жаштагы кыз-жигит чоң атанын өлүмүнө шектелип кармалды

На русском
11:41, 15 чын куран 2019 571

Баракелде -  Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү адамдарды кармашканын бүгүн, 15-апрелде Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Окуя тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө 11-апрелде саат 19:20 чамасында түшкөн.

Айтылган дарекке барган ыкчам топ 70-75 жаштар чамасындагы эркек кишинин бычактан жаракат алган денесин Аламүдүндөгү турак үйлөрдүн биринен табышкан. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, ыкчам тергөө иштери башталган.

Алгач тергөө иштеринин жыйынтыгында маркумдун өздүгү аныкталып, 75 жаштагы жергиликтүү тургун А.П. экени белгилүү болгон. Ал денеси табылган үйгө ээлик кылып, көп жылдан бери жалгыз жашап келген.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери маркумдун байланышы бар бардык адамдарды суракка алып, көп узабай шектүүлөр кармалды. Алар: маркумдун небере кызы — 18 жаштагы М.К. жана аны менен бирге жашап жүргөн жигит —17 жаштагы Ч.Я.

Шектүүлөр камакка алынды. Алдын ала версиялар боюнча, алар маркумдун үйүнө уурулукка кирип, бирок чоң атасы байкап калганда каршылык көрсөткөн.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком