18:39, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаар»: Бишкек менен Чүйдүн унаа жолдорунда видеокамералар иштеп баштайт (тизме)

На русском
10:38, 15 чын куран 2019 299
«Коопсуз шаар» долбоору
«Коопсуз шаар» долбоору

Баракелде -  Бүгүн, 15-апрелден тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында республиканын унаа жолдорунда күжүрмөн режимде 16 аппараттык-программалык комплекс иштеп баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы эки комплекс Ибраимов менен Шабдан баатыр көчөлөрүндө жайгашкан.

Ал эми 14 комплекс Чүй облусунун унаа жолдорунда жайгашкан:

- Бишкек—Ош жолу, 154-3-чакырымдар;

- Бишкек—Ош жолу, 160-чакырым;

- Бишкек—Чалдовар жолу, 61-6-чакырымдар, Кара-Балта шаары, «Мээрим» дүкөнүнүн бет маңдайы;

- Бишкек—Чалдовар жолу, 66-чакырым, Алексеевка айылы;

- Бишкек—Чалдовар жолу, 67-3-чакырымдар, Вознесеновка айылы;

- Бишкек—Чалдовар жолу, 74-чакырым, Панфилов айылы;

- Бишкек—Чалдовар жолу, 78-2-чакырымдар, Панфилов айылы;

- Бишкек—Торугарт жолу, 17-7-чакырымдар, Киргшелк айылы, «Газпром» май куюучу жайдын жанында;

- Бишкек—Торугарт жолу, 18-8-чакырымдар, Люксембург айылы, «Бишкек Петролеум» май куюучу жайдын жанында;

- Бишкек—Торугарт жолу, 20-чакырым, Люксембург, Ленин менен Батыш көчөлөрүнүн кесилиши;

- Бишкек—Торугарт жолу, 25-чакырым, Кант шаары, «Газпром» май куюучу жайдын бет маңдайында;

- Бишкек—Торугарт жолу, 31-7-чакырымдар, Красная речка айылы, Ленин көчөсү 151;

- Бишкек—Торугарт жолу, 39-8-чакырымдар, Ивановка айылы, Ленин көчөсү 238;

- Бишкек—Торугарт, 47-чакырым, Достук айылы, Ленин менен Чүй көчөлөрүнүн кесилиши.

Тиешелүү мамлекеттик органдардан сертификат алгандан кийин видеокамералар Бишкек шаарынын төмөнкү тилкелеринде иштеп баштайт:

- Манас проспектиси—Бөкөнбаев көчөсү;

- Чүй проспектиси—Манас проспектиси;

- Чүй проспектиси—Павлов көчөсү;

- Жибек жолу проспектиси—Манас проспектиси;

- Махатма Ганди— Боталиев;

- Жибек жолу—Курманжан датка;

- Ахунбаев— Байтик баатыр;

- Чүй—Абдрахманов;

- Байтик баатыр— Горький.

Мамлекеттик келишим боюнча, 110 аппараттык-программалык комплекс «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабынын алкагында 12-майга чейин орнотулат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком