07:23, 19 чын куран 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Онлайн маркет Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Бурак Өзчивит уулдуу болду

09:41, 15 чын куран 2019 4439

Баракелде -  Түркиялык актриса Фахрие Эвджен Өзчивит көз жарды. Ал уулун 13-апрелде жеке төрөтканалардын биринде жарыкка алып келген.

Белгилүү жубайлар — Эвджен менен Бурак Өзчивит уулуна Каран деген ысым ыйгарышты. Анын салмагы 3 кг 670 грамм болсо, боюнун узундугу — 52 cм. Ал эми жубайлар 2017-жылы июль айында баш кошушкан болчу. Алар бир нече тасмада чогуу роль жаратышкан.

Түркиянын белгилүү киноактеру жана модель Бурак Өзчивит Ташкент шаарындагы бай адамдардын жубайлары, ошондой эле ишкер жана модель айымдар менен фуршет үстүндө жолугуп, 2,5 сааттын ичинде 379 000 доллар тапкан.

Алардын маалыматына караганда, Бурак Өзчивитти Өзбекстанга анын ишмердүүлүгүнө көз салып жүргөн айымдар менен жолугуу үчүн түшкү тамактанууга чакырышкан. Rusturkey.com басылмасы түркиялык киноактер Ташкенттеги банкетке белгилүү адамдар менен жолугуу үчүн 2,5 саатка келгенин жазган.

Ал эми Өзбекстан жаңылыктары интернет басылмасы Өзчивит өзбекстандык режиссерлор менен өзү тартыла турган жаңы сериал жөнүндө сүйлөшүп, андан тышкары жаш актерлор үчүн мастер-класс өткөргөнүн жазган.

Түркиялык актер Ташкентте өткөн иш-чаранын сүрөттөрүн жана видеолорун социалдык тармактарга жарыялаган. Ал «Даңазалуу доор», «Кара сүйүү» жана башка сериалдар аркылуу таанымал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком