16:30, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» мыйзамга кол койду

На русском
14:56, 13 чын куран 2019 173

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 7-мартта кабыл алынган. Аталган мыйзамдын максаты — Кыргызстандын кепилдик фонддорун түзүү жана алардын ишмердиги учурунда келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү.

Мыйзам кепилдик фонддорун түзүүнүн жана ишмердигинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонуудагы «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» (2013-жылдын 30-июлундагы № 167) мыйзам күчүн жоготот. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком