04:02, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада кыргызстандык жаш жигит сабалып көз жумду

На русском
12:55, 13 чын куран 2019 2351
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Россиядагы Москва шаарынын түндүк-чыгышындагы суу тараптан катуу сабалып каза болгон эркек адамдын денеси табылды. Шаардын «Москва» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, денени тапкан күбөлөр милиция кызматкерлерине 11-апрелде күндүз кабарлашкан.

Айтылган дарекке барган тиешелүү кызматкерлер темир жолдун алдындагы көпүрөдөн — суу тараптан башынан катуу жаракат алган адамдын денесин табышкан. Ошондой эле окуя болгон жерден кан чачыраган 3 таш, жон баштык, бут кийимдер, документтер жана 500 рубль өлчөмүндө каражат табылганы айтылды.

Көп узабай маркумдун өздүгү такталып, Кыргызстандын 1990-жылы туулган жараны экени аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Москва шарында жашап, бирок эч жерде иштеген эмес.

Ден соолукка өлүмгө жеткирүүчү зыян келтирүү фактысы менен кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайын жана кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком