11:18, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт, видео — Бишкекте темир жолдун боюнда жаңы көчө пайда болот

На русском
17:52, 12 чын куран 2019 303

Баракелде -  «Көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарындагы 60 көчөнү оңдоо каралган. Бул тизмеге Түгөлбай ата көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн баштап Т.Айтматовго чейинки тилкеси да киргизилген.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Свердлов районунда реконструкция зонасына кирген жана жол курууда бузула турган объекттерди инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Жол курууга тоскоолдук жараткан 18 объект аныкталды. Алардын арасында 1 унаа жуучу жай, 6 үй, 5 мейманкана, 1 имарат, 1 завод, 3 гараж кооперативи бар.

Төрт объект боюнча менчик ээсинен башкы планды ишке ашырууда жана объекти бузууда доосу болбой турганы тууралуу кат бар. Ал эми калган объекттер боюнча жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан сотко объекттерди бузуу боюнча доо арыз берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком