10:50, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дарбазачы Кутман Кадырбековго операция жасалды

На русском
17:00, 12 чын куран 2019 540
Кутман Кадырбеков
Кутман Кадырбеков
// AFC

Баракелде -  Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын жана Бишкектин «Дордой» клубунун дарбазачысы Кутман Кадырбековдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу аталган клубдун басма сөз кызматы билдирди.

Кутман үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап улуттук курамага кошулуп, Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогуна катышкан. Ал турнирде 3 оюнга катышып, кураманын дарбазасына 5 топ өткөргөн.

Ал эми март айынын аягында Кыргызстандын жаштар курамасы менен Кувейттеги Азия чемпионатынын тандоо раундуна катышкан. Кутман кыргыз Премьер-лигасынын жаңы сезонунда ойной элек. Премьер-лиганын 2-турунда «Кара-Балта» менен беттешкен «Дордойдун» футболчулары Кадырбековго ден соолук каалап, оюн талаасына анын футболкасы менен чыгышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком