03:58, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Канттан уурдалып, борбордун четинен табылган Данилдин апасы уулун көргөндө ыйлап жиберди

На русском
08:24, 12 чын куран 2019 1768

Баракелде -  Чүй ОИИБдин жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери Бишкек шаарынын четиндеги гараждан табылган 12 жаштагы Данил Браилкинди ата-энесине өткөрүп беришти. Анын апасы уулун көргөндө көз жашын токтото алган жок.

Данилдин туугандары жана жакындары милиция кызматкерлери ыкчам иштегенин белгилеп, аларга ыраазычылык билдиришти.

Кант шаарынан кечээ, 11-апрелде эртең менен мектепке бара жаткан жолдон уурдалган 12 жаштагы Данил табылган. Аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери саат 21:30 чамасында Бишкектин четиндеги гараждан табышкан болчу.

Шектүү катары Казакстандын Шиян Эдуард Валерьевич аттуу жараны жана кыргызстандык Руднев Владимир Владимирович кармалды.

Саат 08:40 чамасында Кант шаарындагы 2-кичи райондогу үйүнөн мектепке баруу үчүн чыккан 12 жаштагы Данил Браилкинди ак түстөгү «Хонда Фит» унаасы менен барган белгисиз адамдар алып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен каттоого алынды. Кийинчерээк социалдык түйүндөрдө Данилди унаага күч менен салып кетишкени тартылып калган видео тарады.

Данил Браилкин №4 Кант шаардык орто мектебинде окуйт. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

«Мектепте орто окуйт жана жоош, бир мүнөздүү бала. Классташтары менен жакшы мамиледе жүрөт. Үйү мектепке жакын, 10 чакты үйдөн кийин эле. Азыр ата-энеси шок абалда, жаман болуп жатышат. Үйүнүн жанынан эле салып кетишиптир. Баланы атайын күтүп турушкан экен», - деп билдиришкен жергиликтүү тургундар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком