07:23, 19 чын куран 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Онлайн маркет Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

30 кг ашыкча салмак! Эркеайым спорт залга барбай, тамакты чектебей кантип арыктады?

13:35, 13 чын куран 2019 (Жаңыланды: 17:30, чын куран 13 2019) 2669

Баракелде -  Кош бойлуу кезинде 30 кг салмак кошкон Эркеайым Рыскулова төрөттөн кийин тез эле арыктап, мурунку калыбына келем деп ойлогон. Бирок ал ойлогондой болгон жок...

Төрөттөн кийин кандай кыйынчылыктар менен кайра калыбына келгендиги тууралуу Эркеайым Limon.kg басылмасына айтып берди.

«Кош бойлуу кезимде ашыкча салмак маселеси жаралды. Буга чейин мен мындай ашыкча салмак маселесине туш болгон эмесмин. Кош бойлуу учурда 30 кг салмак коштум. Өзүмө эч нерседен баш тартчу эмесмин. Ошентип билинбей эле салмак кошулуп кетти. Жада калса өзүмдү күзгүдөн көргүм келбей калган. Ашыкча салмак адамды таанылгыс кылып өзгөртөт экен. Машыгуу залына барууга менде мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок ашыкча салмактан арылууга каалоом болду. Мен 156 см боюм менен 65-67 кг салмакта болдум. Туура тамактанууга жана балам менен сейилдөөгө көп чыгууга аракет кылдым. Мурунку абалыма келүү мен ойлогондон дагы кыйын болду. 7 айдын ичинде болгону 7 кг таштадым. Үйдө балам уктап жатканда оңой эле көнүгүүлөрдү жасап баштадым», - деди ал.

Көнүгүүлөрдү жасоо — Эркеайым үчүн оңой болгон эмес. Анын айтымында, эгерде адам баштаган ишин эртеңки күнгө калтырып койбой бүтүрсө, жакшы жыйынтык чыгат.

«Машыгуу үчүн керектүү буюмдар жок болгондуктан көнүгүүлөрдү атайын резинканын жардамы менен жасап жаттым. Ар бир көнүгүүнү 15-20 жолу кайталаш керек. Адам бир максатка жетиш үчүн белгилүү бир эрежелерди сакташы керек деп ойлойм. Көнүгүүлөр сөзсүз түрдө туура тамактануу менен жүргүзүлүшү керек. Эгерде спорт менен машыккан адам катары менен бардыгын жей берсе, натыйжа чыкпайт.

Чындыгын айтканда, мен тез убакытта эле арыктап калган жокмун. Салмак акырындык менен кетти. Биринчи жыйынтыкты туура тамактануу жана үйдөгү машыгуулардан кийин көрдүм. Мен эч кандай жаңы көнүгүүлөрдү ойлоп тапкан жокмун, болгону интернеттеги көнүгүүлөрдү колдондум. Машыгуу залына барууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, үйдөн гана машыгып жаттым.

Мен спорт менен машыкканды абдан жакшы көрөм. Спорт мен үчүн жашоомдун маанилүү бөлүгү болуп калды. Ашыкча салмак кошконум мен үчүн моралдык жана физикалык жактан оор болду. Биринчи айдагы машыгууларым мен үчүн тозокко айлангандай. Оңой көнүгүүлөрдү жасай албай, муундарым ооруп, демим кысылып кыйналдым.

Албетте жалкоом кармап калган учурлар болот. Бирок бүгүн спорт менен машыкпай калсам, эртеси жакшы боло албасымды билем. Ошондуктан ар бир адам бул жашоодон эмне каалай турганын түшүнүшү керек. Жакшы болуш үчүн кандайдыр бир нерселерге умтулуу зарыл. Жасала турган ишти эртеңки күнгө калтырып койбогонго аракет кылыш керек», - деди.

Мындан тышкары Эркеайым ашыкча салмак кошпоо үчүн туура тамактанат.

«Мен эч кандай мүнөздөп тамак (диета) ичпейм. Болгону туура тамактанганга аракет кылам. Тез даярдалган, ошондой эле ундан жасалган тамактардан, кондитердик азыктар жана газдалган ичимдиктерден баш тартам. Эртең менен дайыма быламык, түштө кандайдыр бир жеңил шорпо, экинчисине жашылчалар менен күрүч. Кечинде балык менен салат жегенге аракет кылам. Белок, углевод жана аз өлчөмдөгү май менен ар кандай тамактарды жасайм. Учурда менин салмагым 50-52 кг түзөт. Келбетим мени канааттандырат. Спорт залга барууга мүмкүнчүлүк болуп, азыр эки айдан бери машыктыруучум менен машыгып жатам», - деди Эркеайым.

Жаңы төрөп, арыктайм деген апаларга дагы Эркеайым кеңешин берди.

«Көптөгөн аялдар төрөттөн кийин мурунку калыбына келүүгө аракет кылышат. Бирок эч качан диетага отуруп, ачка болбогула деп айтат элем. Жакшы келбетте болуу үчүн жакшы тамактануу жана кыймылдап жүрүш керек. Бул — бий, сууда сүзүү, аэробика болушу мүмкүн. Эң негизгиси каалоо болсо эле, мүмкүнчүлүк сөзсүз түрдө табылат», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком