06:01, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы судьяларды дайындады (тизме)

На русском
18:06, 11 чын куран 2019 218
Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков
// Пресс-служба президента КР

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы сотторду дайындады. Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол коюлганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбековго Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Жогорку сотко 1, Чүй облустук сотуна 2, Жалал-Абад облустук сотуна 4, Ош облустук сотуна 7 жана Ысык-Көл облустук сотуна 4 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген. 2019-жылдын 4-апрелинде мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент жергиликтүү сотторго 12 талапкер боюнча аталган кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, мамлекет башчысы 6 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарып берди. Ал жергиликтүү соттордун 12 талапкери боюнча жарлыктарга кол койду.

Биринчи жарлык менен жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 12 талапкер дайындалды. Экинчи жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

- Чүй облустук сотуна — Абдырасулов Нурдин Азизбекович, Жамангулов Жыргалбек Жамангулович;

- Жалал-Абад облустук сотуна — Айтмырзаев Нурлан Жээналыевич, Калыбеков Улукбек Жолдошович;

- Ош облустук сотуна — Абдугапаров Алмаз Абибулаевич, Дүйшеев Эркин Турдумаматович, Жобонов Койчубек Касымович, Жунусов Шарипбек Топчубаевич, Закиров Самарбек Жанышевич, Мадмарова Эльнара Абдувалиевна;

- Ысык-Көл облустук сотуна — Аманов Канат Аманович, Пазылов Эркин Шайлообекович жиберилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком