11:18, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн окуучулар: Министрликтин комиссиясы Баткенге учуп кетти

На русском
10:56, 10 чын куран 2019 192

Баракелде -  Депутат Карамат Орозова (КСДП) бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда Баткен шаарында эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн окуучулардын абалы боюнча суроо узатты.

Эл өкүлүнө жооп берген саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин айтымында, кечээ, 9-апрелде Баткен шаарындагы №3 мектепте эмдөө учурунда балдардын ден соолугу начарлаган.

«Балдардын башы ооруп, кускусу келип, 2 окуучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Азыр 5 бала балдар бөлүмүндө жатат, алардын абалы жакшы эле. Кечээ кечинде 1 кыз жандандыруу бөлүмүнөн жөнөкөй бөлүмгө которулду. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эртең менен комиссия Баткенге учуп кетти», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы 9-апрелде саат 16:00 чамасында Баткен шаарында №3 орто мектептин окуучулары эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөнүн жазган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 5-класстын окуучуларына АДСМ вакцина (дифтерия жана селейме оорусуна каршы дары) берилген. Андан кийин эмделген балдардын 10дон ашыгынын башы ооруп, кускусу келип, титиреп, Баткен облустук бириккен ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген. Алардын ичинен 2 окуучу жандандыруу бөлүмүнө, 4 окуучу балдар бөлүмүнө жаткырылганы, дагы 9 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жатканы айтылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком