18:45, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Кыргызстан менен Словакиянын тышкы иштер министрлери жолугушту

На русском
08:22, 10 чын куран 2019 160

Баракелде -  Кечээ, 9-апрелде Бишкек шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы, Словакия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Мирослав Лайчак менен жолукту.

«Кыргыз Республикасын ЕККУнун маанилүү катышуучусу деп эсептейбиз. Биз ЕККУнун алкагындагы биздин кызматташтык жана өз ара аракеттенүүбүздүн жыйынтыктары менен сыймыктанабыз. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Бишкектеги ЕККУ Академиясынын ишмердүүлүгүнө көрсөтүп жаткан колдоосун жогору баалайбыз», - деп белгиледи М.Лайчак.

Өз кезегинде Ч.Айдарбеков Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгынын флагманы болуп саналган Бишкектеги ЕККУ Академиясынын ишмердүүлүгүнө берилген жогорку бааны кыргыз тарап тең бөлүшөрүн белгиледи.

Тараптар Кыргызстандын ЕККУ менен өз ара аракеттенүү маселелерин кенен талкуулап, кызматташтыкты бекемдөө ниетин билдиришти. Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиялык документтеринин алкагында приоритеттүү милдеттерди ишке ашырууда ЕККУ Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүсүн уланта бермекчи.

Жолугушуудан кийин министр Ч.Айдарбеков жана М.Лайчак «ЕККУнун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнүн 20 жылдыгы — жетишкендиктер жана келечектер» аттуу конференциянын ачылышына катышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком