15:14, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202045 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (80 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (21 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Дүйнө чемпиону болгон бир туугандар: Кичинекей Азиретали менен Аминанын ийгиликтери

08:30, Чын куран айынын он бири, 2019 811
Бир туугандар Азиретали менен Амина
Бир туугандар Азиретали менен Амина

Баракелде -  12 жаштагы Азиретали менен 7 жаштагы Амина менталдык арифметика боюнча дүйнө чемпиону жана супер чемпиону болушту. Кубанычында чек жок балдардын апасы Нургүл Абдыкеримова «Баракелдеге» балдарынын ийгиликтери тууралуу айтып берди.

«16 жаштагы улуу кызым Айдай учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын колледжинде 1-курста окуйт. Уулум Азиретали 12 жашта, учурда ал 5-класста, ал эми 7 жаштагы кызым Амина 1-класста окуйт. 4 жаштагы кичүү балабыз Билал бала бакчага барат. Уулум Азиретали кошумча менталдык арифметика боюнча окууга барып жатканына 1 жыл болду. Өткөн жылы Дубай шаарына барып, менталдык арифметика боюнча чемпион болуп келген. Ал эми быйыл Өзбекстандын Ташкент шаарында супер чемпион болду. Кызым Амина дагы ушул жаатта билим алат. Быйыл биринчи жолу олимпиадага катышып, 1-орунга ээ болду.

Улуу кызым Айдай окуудан сырткары каратэ менен машыгат. Каратэге барып жатканына 3 жылдын жүзү болду. Өткөн жылы Казакстандын Нур-Султан (мурунку Астана) шаарындагы дүйнөлүк чемпионатка катышып, 3-орунду алып келген. Андан кийин Алмата шаарына барып, 2-орунду алган. Жакында эле Тараз шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 1-орунду алып келди», - деди Н.Абдыкеримова.

Балдарынын мындай ийгиликтерине сүйүнгөн 42 жаштагы Нургүл Абдыкеримова Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган. Ал уйгур улутундагы 48 жаштагы Абдураим Мамтилахунга турмушка чыккан.

«Жолдошумдун жерлиги Кытай өлкөсүнөн болот. Ал уйгур улутунан. Экөөбүз Өзбекстандын Ташкент шаарынан таанышканбыз. Турмуш курганыбызга быйыл 22 жыл болду. Ага турмушка чыгуума ата-энем, бир туугандарым каршы болгон эмес. Анткени үйдө 8 кызбыз. Мен «Дордой» базарында иштейм. Ал эми жолдошум «Мадина» базарында иш жүргүзөт.

Балдарым кыргыз, орус тилдеринде сүйлөшөт. Ал эми уйгур тилин түшүнүшөт, бирок сүйлөй алышпайт. Аларга кыргыздын үрп-адат, каада-салттарын болушунча үйрөткөнгө, көргөзгөнгө аракет кылам.

Мен дагы менталдык арифметика тууралуу сыналгыдан көрүп, ага кызыгып, балдарымды алып бара баштагам. Менталдык арифметикага балдарымдын дагы кызыгуусу күч. Ар дайым сабактарынан калбай барышат», - деди ал.

Учурда Нургүл жолдошу экөө 2 кыз, 2 уулду тарбиялап жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком