17:32, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат жол эрежесин бузгандарга салынган айып пулдун көлөмүн карап чыгууну сунуштады

На русском
11:23, 9 чын куран 2019 446
Иса Өмүркулов, КСДП партиясынын лидери
Иса Өмүркулов, КСДП партиясынын лидери

Баракелде -  Депутат Иса Өмүркулов (КСДП) жол кыймылынын эрежеси бузулган учурда салынган айып пулдун көлөмүн карап чыгууну сунуштады. Ал бул пикирин бүгүн, 9-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин отурумунда билдирди.

Эл өкүлү ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдон айып пулдун канча түрү бар экенин сурады.

Ал эми министрдин орун басарынын айтымында, айып пулдун 7 түрү бар. Аларга жогорку ылдамдык, жол белгилерине баш ийбөө, каршы тилкеге чыгуу, жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол кыймылынын эрежесин бузуу жана башкалар кирет.

Жолдо эч ким саатына 40 км менен жүрбөй турганын белгилеген Өмүркулов: «1 миң сомдон баштап 7 миң сомдон жогору айып пул төлөө калкка оор эмеспи?», - деп сурады.

Депутат ИИМ айып пул салууга кызыкдар экенин божомолдоп: «Мен Россия Федерациясынын айып пулдары менен салыштырдым жана аларга караганда биздики көбүрөөк экен», - деди.

К.Асанов ИИМ айып пулдан акча жасоого кызыкдар эмес экенин айтып, кодексти ИИМ иштеп чыкпаганын белгиледи.

«Келгиле бири-бирибизди күнөөлөбөйлү, жөн гана оптималдуу вариант тандап жана кабыл алуу керек», - деди депутат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком