03:57, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Мурат Суталиновдун тарапташтары Бишкек шаардык сотуна чогулушту

На русском
10:02, 9 чын куран 2019 172

Баракелде -  УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновдун 100дөй тарапташы Бишкек шаардык сотунун алдына чогулушту. Бүгүн, 9-апрелде М.Суталиновду камактан бошотуу боюнча кезектеги сот отуруму өтөт.

Чогулгандардын арасында Суталиновдун туугандары, тааныштары жана мурунку кесиптештери бар.

15-февралда Ленин райондук сотунда Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу бошотуу тууралуу ишти караган сот отуруму өткөн. Жыйынтыгында төрагалык кылуучу судья Бактыбек Сыдыгалиев М.Суталинов бошотулбай турганын билдирген.

Буга чейин Бишкектин Ленин райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурунку башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу камактан бошотуу боюнча сот отуруму өткөн. Аны сот залына 10го жакын конвоир жеткирген болчу.

Жактоочунун берген маалым каты боюнча, Суталинов онкологиялык оорудан (4-даражадагы бөйрөк рагы) дарыланып жатат. Ал химиотерапия курсунан өткөнүн, ошондой эле дарыланууну улантып, иммуннотерапия курсунан өтүүсү зарыл экенин билдирди. Ал президенттин атына учурдагы мамлекеттик кызматкерлер, баатырлар, генералдык курам, медициналык кызматкерлер тарабынан жолдонгон кайрылуунун көчүрмөсүн кошо тиркөөнү суранган. Буга прокурор каршы болбой, сот өтүнүчтү канааттандырган болчу.

Мурат Суталинов 2005-2010-жылдары Башкы прокуратураны, ИИМди жана УКМКны жетектеген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком