10:50, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Валентина Шевченконун жолугушуусунан сүрөттөр

На русском
13:42, 8 чын куран 2019 689

Баракелде -  Бүгүн, 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков UFC версиясынын аралаш күрөшүү боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту. Жолугушууга чемпиондун машыктыруучусу Павел Федотов, «Кулатуу Эртаймаш ММА» дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана Валентина Шевченконун апасы — Елена Шевченко катышты, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы меймандарды жылуу кабыл алып, Валентинаны жеңиши менен жана аялдардын эң жеңил салмагында чемпиондук курду жеңип алышы менен куттуктады. Ошондой эле машыктыруучу Павел Федотовго спортчуларды даярдоо чеберчилигинин эң жогорку деңгээли, туруктуулугу, машыктыруучулук таланты жана өз тарбиялануучуларына терең ишенгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Өзгөчө ыраазычылык чемпиондун апасы Елена Шевченкого айтылды.

«Бүт өлкө, биздин жүз миңдеген жарандар сиздин ийгиликтерге тынымсыз байкоо салып, жалындуу күйөрман болушууда. Таза жана татаал күрөштө жеңген медалдар биздин көп улуттуу өлкө үчүн өзгөчө баалуу. Мунун артында көп жылдык эмгек турат. Алдыга коюлган милдетти аткардыңар, Кыргызстаныбыздын намысын коргодуңар. Келечекте мындан да чоң ийиликтерге жетишип, бүт дүйнөгө спорттогу эң мыкты жетишкендиктерди көрсөтөсүз деген ишенимдебиз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Валентина Шевченко президент Сооронбай Жээнбековго жана бардык кыргызстандыктарга колдоосу жана жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирип, дайыма мекендештердин колдоосун сезип турганын айткан. Мекенге, өзгөчө Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө болгон сүйүүсү дайым анын жүрөгүндө орун алганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону жыл сайын Ысык-Көлгө машыгуу үчүн келүүгө чакырды жана спорттук ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, бекем ден соолук, бакубаттык каалады.

Жолугушуунун алкагында мамлекет башчысы Валентина Шевченкону «Даңк» ордени менен сыйлады. Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы ыйгарылса, Руслан Кыдырмышев жана Елена Шевченко энчилүү сааттары менен сыйланышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком