23:33, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Валентина Шевченко менен машыктыруучусу мамлекеттик сыйлык алды

На русском
13:12, 8 чын куран 2019 408

Баракелде -  Бишкек шаарына 7-апрелде кечинде учуп келген Валентина Шевченко менен машыктыруучусу Павел Федотов мамлекеттик сыйлык менен сыйланышты. Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону «Даңк» ордени менен сыйлоо жана анын машыктыруучусу Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наамын берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкта: «Аралаш күжүрмөн искусствонун (MMA — Mixed Martial Arts) абсолюттук мушкердик чемпионатынын (UFC — Ultimate Fighting Championship) турнирлеринде өзгөчө спорттук жетишкендиктери үчүн "Даңк" ордени менен аралаш күжүрмөн искусствонун мушкери, аялдар арасында өтө жеңил салмактагы UFC чемпиону Шевченко Валентина Анатольевна сыйланат.

Ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдагандыгы үчүн "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардак наам эл аралык класстагы спорт чебери, Кыргыз Республикасынын «Муай Тай» тайбокс федерациясынын башкы машыктыруучусу Федотов Павел Васильевичке берилет», - деп айтылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком