17:45, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:36, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020100 Ак-Суунун жаштары нааразычылык акциясына чыгышты. Сүрөт
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202069 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды
Учурда окулуп жатат
13:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (120 адам окуп жатат)
«Фашисттик белгиби?» Нарын районундагы карагайлуу токойду кимдер түптөгөн?
12:41, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (82 адам окуп жатат)
Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт
13:34, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (45 адам окуп жатат)
Ысык-көлдүк Максат Дорбаев Оштогу Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
16:47, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (24 адам окуп жатат)
Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Анара менен Нуртилек дайынсыз жоголду

Бишкектик тургунду тоногон шектүүлөр качып кетүүгө аракет жасашкан. Милиционерлер ок чыгарды (сүрөт)

На русском
09:34, Чын куран айынын жетиси, 2019 433

Баракелде -  Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тоноого шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ШИИБдин тергөө кызматына 5-апрелде 1979-жылы туулган А.И. арыз менен кайрылып, «Сары-Өзөн» базарынын аймагында күч колдонуп, 68 миң сомун тартып алган адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты Жазык кодексиндеги 201-берене (тоноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун Ленин айылында шектүүлөрдүн ак түстөгү «Тойота Камри-55» (Казакстандын мамлекеттик номуру) унаасы табылган. Шектүүлөр милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, качып кетүүгө аракет жасап, «Дэу Ланос» унаасын сүзгөн. Милиция кызматкерлери унааны токтотуу үчүн ок атышкан. Бирок шектүүлөр буга карабай дагы 1 км жол жүрүп, андан кийин унааны токтотуп, өздөрү качып кетүүгө аракет кылып, бирок колго түштү. Шектүүлөр: 1990-жылы туулган С.С., 1998-жылы туулган Т.Е. жана 1991-жылы К.Р., алардын баары Казакстандын жарандары.

Унааны кароо учурунда Макаров үлгүсүндөгү унаанын 5 огу, шектүү С.С.дан 520 доллар жана Т.Е.ден 400 доллар табылып алынды.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалып, алардын башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча ыкчам издөө иш-чаралары башталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком