04:02, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өзбекстанга 5 муздаткыч, 16 чаң соргуч алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

На русском
13:09, 6 чын куран 2019 159

Баракелде -  Кечээ, 5-апрелде Баткен облусундагы Айдаркен районунун чек арачылары тарабынан аткезчилик жол менен жүк ташууга аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

1992-жылы туулган кыргызстандык жаран «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасы менен Айдаркен районунун Достук айылында көзөмөл пункттан тышкары аймактан Кыргызстандан Өзбекстанга 5 даана муздаткыч жана 16 даана чаң соргучту алып өтүүгө аракет жасаган. Кармалган адамдын жанында жүктү ташууга тиешелүү документтери болгон эмес.

«Жүктүн жалпы суммасы 135 миң сомду түздү. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана аткезчилик жол менен алынып келе жаткан жүк Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком