16:22, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тажикстандык жаран аткезчилик жол менен ири өлчөмдөгү жаңгак алып кирүүгө аракет кылган (сүрөт)

На русском
12:02, 6 чын куран 2019 189

Баракелде -  Баткен облусунун чек арачылары тарабынан бүгүн, 6-апрелде аткезчилик жол менен жүк ташып өтүүгө аракет кылган тажикстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1986-жылы туулган А.З. аттуу жаран «Мерседес» унаасы менен Баткендеги Төрт-Көчө айылында, тактап айтканда көзөмөл пункттан тышкары аймактан Тажикстандан Кыргызстанга ири өлчөмдөгү грек жаңгагын алып кирүүгө аракет жасаган.

«Кармалган адамдын жүктү ташууга тиешелүү документтери болгон эмес. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком