03:58, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте эки жигит 25 миң сомдук аккумуляторду уурдап кетишкен

На русском
17:03, 5 чын куран 2019 131

Баракелде -  Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелген эки жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ленин РИИБге жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, «ДАФ» үлгүсүндөгү унаасынын 25 миң сомго бааланган 2 аккумуляторун уурдап кеткен адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты Жазык кодексиндеги 200-берененин (уурдоо) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1994-жылы туулган Т.у Ш. менен 1998-жылы туулган И.Б. кармалды. Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком