10:47, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Киевде офицердин унаасын жардырууга аракет кылган кыргызстандык адам каза болду, - ЖМК

На русском
10:58, 5 чын куран 2019 586

Баракелде -  Украинанын Киев шаарында унаа жарылып, Кыргызстандын жараны көз жумду. Окуя 4-апрелде болгонун «ТСН» порталы полицияга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Жардыруу болгон жерге ыкчам тергөө тобу, кинологдор жана дарыгерлер чакырылган. Полиция кызматкерлери ал жерден «Шевроле Эванда» үлгүсүндөгү унааны таап, Украинанын Кылмыш-жаза кодексиндеги 115-берене (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) жана 263-берененин (куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды сактоо боюнча милдетти талаптагыдай аткарбоо) негизинде кылмыш иш козгогон.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган унаага белгисиз адам жардыруучу зат орнотууга аракет жасаганы аныкталды. Бирок ал белгиленген убакыттан эрте жарылып, аталган адам оор жаракат алган. Журналист Юрий Бутусовдун айтымында, унаа украиналык офицерге таандык болгон. Полиция тергөөдөгү сырды жүйө келтирип, бул фактыны тастыктаган жок», - деп жазды «ТСН».

Өз кезегинде депутат Игорь Мосийчук каза болгон адам Кыргызстандын жараны экенин билдирди. Анын айтымында, жардыруучу зат аны унаага орнотуп жатканда иштеп, анын кесепетинен каза болгон кишинин колу үзүлүп кеткен.

Аталган агенттик Украинанын Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен: «Кийинчерээк украиналык чалгынчынын унаасын жардырууга аракет кылган адам ооруканада көз жумганы белгилүү болду. Ал ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, өзүнө келбей каза болду», - деп жазды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком