17:29, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте коомдук кыймылдын башчысынын үйүнөн баңгизат табылды (сүрөт)

На русском
16:47, 4 чын куран 2019 284
Шектүү
Шектүү

Баракелде -  Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо фактысы 26-мартта Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чарасынын алкагында 3-апрелге караган түнү «Жети дубан кырк уруу кыргыз ынтымагы» коомдук кыймылдын лидери — Талас облусунун 1971-жылы туулган тургуну А.А кармалган.

Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун чечими менен баңгизат каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү боюнча сот жообуна тартылган. Ошондой эле милиция кызматкерлери Ысык-Көл облусунун 1978-жылы туулган тургунун колго түшүргөн.

Биринчи май райондук сотунун уруксаты менен А.А.нын жашаган жери тинтүүгө алынып, болжол менен салмагы 35 грамм баңгизат, «бульбулятор» деп аталган буюм табылып, экспертизага жөнөтүлгөн. Ал эми аталган жарандар наркологиялык диспансерге жөнөтүлүп, экөөнүн тең канынан баңгизат табылды.

Соттук эксперттин корутундусу боюнча, таңгакталбаган салмагы 6,861 грамм зат гашиш болгон. Учурда кошумча экспертиза дайындалды. Шектүү А.А. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком