23:31, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектен Валентина Шевченкону тосуп алабыз

На русском
07:57, 1 чын куран 2019 359

Баракелде -  Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченконун Кыргызстанга келиши күтүлүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын сапары 7-апрелге белгиленген.

Валентина Кыргызстанга акыркы жолу 2011-жылы жайында келип, Ысык-Көлдө машыгуу иштерин жүргүзгөн.

Кыргызстандык чемпион курун сактап калуу үчүн 9-июнда Чикагодо (Америка) америкалык Жесика Ай менен беттешет.

-------------------------------------------------------------------------------------

Бириккен мушташ уюму (UFC 231) 2018-жылы 9-декабрда Канаданын Торонто шаарында уюштурган турнирдеги башкы атаандаштар — кыргызстандык Валентина Шевченко жана жеңил салмактагы мурунку чемпион Йоанна Еджейчик (Польша) болгон. Аягында 5 раунддун жыйынтыгы менен калыстар бир добуштан жеңишти Валентина Шевченкого беришти. Муну менен ал кыргызстандыктардан UFC уюмундагы эң алгачкы чемпион болуп калды.

Бул беттеш үчүн UFC В.Шевченко жалпы 130 миң доллар гонорар алган. Ушундай эле суммадагы сый акыга Йоанна Еджейчик да ээ болгон.

Валентина профессионалдык деңгээлде жалпы 19 беттеш өткөрдү. Анын ичинде акыркы жеңишти кошкондо 15 жолу жеңишке жеткен.

Кезектеги жеңишинен кийин Валентина Шевченкону президент Сооронбай Жээнбеков да телефон аркылуу куттуктаган эле.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком