08:49, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Россия элчилигине митингге чыккан жубайлардын баш коргоо чарасы тандалды

На русском
10:38, 29 жалган куран 2019 395
Нурлан Карымшаков
Нурлан Карымшаков

Баракелде -  Бишкектин Биринчи май райондук соту Россия элчилигинин алдында митинг уюштурган жубайлар — Нурлан Карымшаков менен жубайы Гүлназ Имаевага карата баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу юрист Замир Жоошев билдирди.

«Судья эки жаранга тең сыртка чыкпоо талабы менен бошотуу чечимин кабыл алды», - деген юрист экөө тең мыйзамсыз кармалганын, аларды бошотууну талап кылганын айтты.

--------------------------------------------------------------------------------

Бишкек шаарынын Манас проспектисиндеги Россиянын элчилигинин имаратынын алдына 27-мартта саат 09:00 чамасында Карымшаков Нурлан Абылович жубайы Имаева Гүлназ Кожобековна менен митингге чыккан.

АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын колундагы плакаттарда: «Путин — агрессор адам өлтүргүч, баскынчы», «Ысык-Көлдө Путиндин торпедасы менен бомбаларына жол жок» (түп нускасы: «Путин!!! Агрессор убийца, баскынчы», «Нет торпедам Путина на Иссык-Куле, нет Бомбам») деген жазуулар болгон.

Аталган факты Биринчи май РИИБдин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 313-беренеси боюнча (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) катталып, лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында расалык, этностук, улуттук кастыкты козутууга чакырган белгилер бар экени айтылган.

Соттун уруксаты менен Н.Карымшаковдун үйү тинтүүгө алынып, 16 калибриндеги мылтык, 17 600 АКШ доллары, 10 ок, 1 банка мылтыктын дарысы, 300 грамм батыра (дробь) табылганы да маалымдалды. Аларды колдонууга тиешелүү документтер болгон эмес. Мындан тышкары Карымшаков менен Имаева ушул жылдын 21-мартынан 25-мартына чейин Мексикада болушкан. Аталган өлкөдөгү виза 2019-жылдын 30-июлуна чейин жарамдуу.

Жубайлар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком