03:33, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргыз футболчуларынын капитаны Азамат Байматов оюн талаасына кайтат

На русском
18:41, 28 жалган куран 2019 (Жаңыланды: 19:19, жалган куран 28 2019) 274
Азамат Байматов
Азамат Байматов

Баракелде -  Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Азамат Байматов жаракаттан кийинки дарылануунун жыйынтыгы менен калыбына келди. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирди.

«Футболчу Москвадагы ооруканадан текшерилди. Дарыгерлер анын жаракат алгандан кийинки калыбына келүүсү ийгиликтүү аяктаганын айтышты. Эми ал оюн талаасына кайта алат», - деп айтылат билдирүүдө.

Азамат Байматов 2018-жылы жайында Индонезия чемпионатында жаракат алган. Ошол эле жылдын сентябрь айында ага операция жасалып, Азия Кубогуна катышкан эмес. Буга чейин Кыргызстандын курама командасы менен «Дордой» клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Азамат Байматов апрель айынын ортосунда оюн талаасына кайтарын билдирген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком