01:37, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Салам, аскер!»: Владимир Путин ардактуу кароол менен кыргызча учурашты (видео)

На русском
13:06, 28 жалган куран 2019 1562

Баракелде -  Бүгүн, 28-мартта Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болду.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик резиденциядагы расмий жолугушууда эки өлкөнүн гимндери жаңырып, мамлекеттик желектер илинди.

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардактуу кароолу менен учурашып, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен танышышты.

Расмий азем Кыргызстан аскерлеринин салтанаттуу өтүүсү менен аяктады. Андан соң эки мамлекеттин башчылары чакан чөйрөдөгү жолугушуу өтүүчү бөлмөгө бет алышты.

Владимир Путин бүгүн, 28-мартта таң эртең Бишкекке келген. Аны «Манас» эл аралык аэропортунда Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Владимир Путин ардактуу кароол менен кыргыз тилинде: «Салам, аскер!» деп учурашты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком