16:21, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Хабиб Нурмагомедовдун кезектеги беттеши белгилүү болду

На русском
18:15, 27 жалган куран 2019 290
Хабиб Нурмагомедов
Хабиб Нурмагомедов

Баракелде -  UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун кезектеги беттеши ушул жылдын 7-сентябрында болорун россиялык журналист Азамат Бостанов билдирди.

Азырынча Россиялык мушкердин атаандашы билине элек. UFC уюмунун президенти Дана Уайт да аталган маалыматты тастыктаган.

Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен болгон беттешинен кийин 9 айга дисквалификацияланган болчу.

2018-жылдын 7-октябрында Американын Невада штатынын Лас-Вегас шаарында кезектеги UFC 229 турнири өткөн. Турнирдин негизги беттешинде жеңил салмактагылар арасында UFC уюмунун чемпиону россиялык Хабиб Нурмагомедов менен экс-чемпион ирландиялык Конор Макгрегор күч сынашып, жыйынтыгында Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду утуп алган.

Хабиб Нурмагомедов профессионалдык деңгээлде 26 беттеш өткөрүп, анын баарында жеңүүчү аталган. Ал эми Конор Макгрегор 24 жолу беттешсе, 21 жолу жеңүүчү болуп, 3 ирет утулган. UFC уюмунун алкагында эки мушкер тең 10 жолу беттешке чыккан. Нурмагомедов баарында жеңүүчү болсо, Макгрегор 9 жолу жеңип, 1 жолу утулган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком