05:57, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

С.Жээнбеков менен Ч.Айдарбеков Россия лидеринин сапарына даярдык көрүү маселелерин талкуулады

14:47, 25 жалган куран 2019 142

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Анын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визитине даярдык көрүү маселелери жана ошондой эле тышкы саясаттагы бардык актуалдуу маселелер боюнча пландар жана милдеттер талкууланды. Министр Чыңгыз Айдарбеков президент Владимир Путиндин мамлекеттик визитине даярдыктын жүрүшү жана бул визиттин алкагында өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады.

С.Жээнбеков бекитилген планга ылайык бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком