07:24, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — Улакчыларга жан тартып, ат майданга чуркап чыккан Алихан

15:08, 22 жалган куран 2019 642

Баракелде -  Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданында өткөн көк бөрү боюнча мелдеште 11 жаштагы бала командалардын бирине жан тартып, оюн аяктагандан кийин майданга чуркап чыгып, ыйлап жиберди.

Күйөрман — 11 жаштагы Алихан Ишенбай уулу Абдразаков атындагы орто мектептин 4-классынын окуучусу. Ал Ынтымак аттуу агасынын командасын колдоо үчүн Чолпон-Ата шаарынан келген. Ал оюндан таасирленген учурдагы эмоциясын видеого тартып алышкан.

Бишкектин бийлиги бүгүн, 22-мартта Алиханга смартфон, ээр жана ат жабдыктарын, Бишкектин 140 жылдыгына арналган китеп тапшырды.

Талас облусунун «Ынтымак» командасы Бишкек шаарында өткөн көк бөрү боюнча «Нооруз-2019» турниринин жеңүүчүсү болгон. Финалдык оюн кечээ, 21-мартта «Аккула» ат майданында өттү.

«Ынтымак» командасы Оштун «Достук» тайпасын 6:1 эсебинде жеңип, алтын медаль утту. Ал эми 3-орунду «Бакубат Талас» командасы багындырды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком