17:51, 23 жалган куран 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Онлайн маркет Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Кошунасынын 6 миң долларын уурдаган Акбар 2 аялды сыйлап, майрамдап жүргөн

На русском
19:24, 15 жалган куран 2019 (Жаңыланды: 19:57, жалган куран 15 2019) 908

Баракелде -  Чүй облусунун Москва райондук соту 1968-жылы туулган Акбарга (Я.А.С., аты өзгөртүлдү) козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

2018-жылдын 14-октябрында болжол менен саат 05:30 чамасында айыпталуучу кошунасы базарга кеткенин көрүп калып, алардын үйүнө барган. Кошунасынын баласы уктап жатканын көргөн Акбар акырын анын жанынан өтүп, уктоочу бөлмөдөгү шкафтан сейфти көрүп калган. Ал сейфти кошунасынын короосуна алып барып ачкан. Ачылган сейфтин ичинде 6 миң доллар акча жана уюлдук телефон болгон. Ал акчаны алып, телефонду сейфке калтырып, Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндөгү мейманканадан бир бөлмөнү ижарага алган.

15-октябрь күнү базарга барып, эки спорттук кийим, бутуна өтүк менен спорттук сумка сатып алган. Кийинки күнү базардан такси кызматында иштеген Максатка 4 миң сомго кышкы дөңгөлөк сатып берип, дөңгөлөгүн алмаштыруу үчүн 500 сом, унаасына тетик алуу үчүн да акча берген. Андан кийин алар тиш доктурга барышып, кызматы үчүн доктурга 26 миң сом берген.

18-октябрда таксист менен бирге базарга барып, 9 миң сомго көз айнек сатып алган. Ошол эле күнү мейманкананын администратору Гүлзина жана анын кожоюну Али (аты өзгөртүлдү) менен таанышып калат. Акбар Алиге мейманкананын администратору Гүлзинаны жактырарын айтканда, ал ага гүл сатып алып, кафеге барууну сунуштаган. 19-октябрда Алиге Акбар Гүлзина экөө үйлөнө тургандыгын айткан. Ал тойго мал алуу үчүн Алиге 100 доллар, ал эми тамак-ашка деп Гүлзинага 200 доллар акча берген. Алар 29 миң сомго нике шакегин сатып алган. Мындан тышкары, таксист Максаттын баласына 7 миң 300 сомго уюлдук телефон сатып берген. Алар мейманканадан дасторкон жайып, мейманкананын бардык кызматкерлерин тойго чакырышкан. Молдо Акбар менен Гүлзинанын никесин 500 сомго кыйып берген.

Ошол эле күнү Гүлзина үйүнө кетип, кайра келген эмес. Эртеси күнү Акбар анын үйүнө барып, ижарага батир алууну сунуштаган. Алар Бишкектеги Киев көчөсүнөн 3 бөлмөлүү батирди ижарага алып, Акбар ижара үчүн бир айга 550 доллар акча жана интернетке 1000 сом төлөгөн. Гүлзина экөө 23 миң сомго керектүү буюмдарды сатып алган. Андан тышкары, ал Гүлзинага 24 миң сом берген. Бирок көп өтпөй экөө уруша баштайт. Акбар Гүлзина менен 15 күн жашап, кайрадан Кулиев көчөсүндөгү башка мейманканадан бөлмө алган. Ал Максаттын үйүнө конокко барганда, ал аялы менен тосуп алган. Максат Акбарды аялынын эжеси Айпери менен тааныштырган. Айпери Москва шаарында болгондуктан Акбар ага банк аркылуу 17 миң сом акча которгон.

Кийинки күнү алар аэропорттон Айперини тосуп алып, кафеге барышкан. Аларга Максат мейманканадан 50 доллар акчага бөлмө таап берген. Айпери керектүү буюм алам деп Акбардан акча сураганда, ал ага 10 миң сом берген. Эртеси күнү ал Максаттын үйүнө барганда жанында Айпери болгон. Ал жерден алар чай ичишип, Акбар Айпериге 5 миң сом, ал эми Максат насыя төгүүгө акча керек экендигин айтканда ага 10 миң сом берген. Бир нече күндөн кийин Айпери андан акча сураганда ал акча жок экенин айтып, экөө уруша кеткен. Андан кийин ал Садовое айылына кетип калган. 7-8 күн өткөндөн кийин милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Жыйынтыгында Акбар күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком