08:02, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Сүрөт — Бишкекте кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды. Бири сейфтен 2 млн сом уурдап кеткен

На русском
19:06, 15 жалган куран 2019 409
Шектүүлөр
Шектүүлөр

Баракелде -  Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү 5 мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү М.Ш. кандай кылмыш жасаган?

2010-жылы 12-февралда Таластагы Кара-Буура РИИБге Ж.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ушул эле жылы Кызыл-Адыр айылындагы үйүнүн эшигин талкалап, сейфтен 2 млн сом уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски кодекс боюнча) 164-берененин (уурдоо) негизинде кылмыш иш козголгон.

4

Кармалган Т.Т. кандай кылмыш жасаган?

2018-жылы 3-мартта Бишкектеги Свердлов РИИБге С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2016-жылы 8-ноябрда анын ишенимине кирип, 28 миң долларын алдап алып, качып кеткен адамга чара көрүүнү суранган. Бул факты боюнча Кылмыш жаза-кодексиндеги (эски кодекс) 166-берененин 2-бөлүмүнүн (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголгон.

3

Шектүү Р.Р. кандай кылмыш жасаган?

2019-жылы 28-январда Бишкектеги Октябрь РИИБге Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул эле күнү «Орто-Сай» базарында курткасынын чөнтөгүнөн банк картасы, паспорт жана 19 миң сом салынган капчыгын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты Жазык кодексиндеги 200-берененин (тоноо) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

1

Шектүү Д.Б. кандай кылмыш жасаган?

2019-жылы 2-февралда Бишкектеги Октябрь РИИБге Т.Ч. аттуу жашоочу арыз менен кайрылган. Анын арызында белгисиз адамдар «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаасынын терезесин талкалап, 28 миң сом, паспорт жана айдоочулук күбөлүгүн уурдап, качып кеткени көрсөтүлгөн. Бул факты Жазык кодексиндеги 200-берененин (тоноо) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2

Шектүү Ш.Д. кандай кылмыш жасаган?

Буга чейин соттолуп, жазасын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кемин районунда жайгашкан №38 жатак абагында өтөгөн. Ал 2014-жылы декабрь айында өз алдынча Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. ЖАМКнын тергөө башкармалыгы Ш.Д.га издөө жарыялаган.

5

Учурда Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешесин текшерүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком