17:51, 23 жалган куран 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Онлайн маркет Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Видео — Новопавловкада кайрадан өрт чыкты

18:04, 15 жалган куран 2019 131

Баракелде -  Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Новопавловка айылында кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу «Репортерго» күбөлөр билдирип, видео жөнөтүштү.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Фрунзе көчөсүндөгү өрт тууралуу билдирүү саат 16:38де келип түшкөн. Өрттөнүп жаткан кургак чөптү өчүрүү үчүн 1 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды.

Бүгүн, 15-мартта Новопавловка айылында ири өрт чыгып, саат 15:42де толугу менен өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Өрттүн кесепетинен 3 турак үй (болжол менен 420 чарчы метр), 1 оор жүк ташуучу унаа, 1 контейнер күйгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн себеби такталууда. Өрт чыккан аймакка 5 өрт өчүрүү бөлүмү, ИИМдин, райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлери жана «Тазалык» ишканасынын суу ташуучу унаалары тартылган. Өрт тууралуу билдирүү саат 12:07де келип түшкөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком