08:02, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы качан ачылат?

17:58, 15 жалган куран 2019 (Жаңыланды: 19:09, жалган куран 15 2019) 193
Кыргыз-түрк ооруканасынын имараты
Кыргыз-түрк ооруканасынын имараты

Баракелде -  Жогорку Кеӊеште Бишкек шаарында мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле кыргыз жарандарынын медицина чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашуу жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул макулдашуу Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн, деп маалымдайт парламенттин басма сөз кызматы.

Баяндамачынын айтымында, макулдашуунун алкагында Бишкек шаарында ачыла турган кыргыз-түрк ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарат, андан кийин аны башкаруу укугу кыргыз тарапка биротоло өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жыл аралыгында Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жана координациялоо жумуштары жасалып турат. Медициналык мекемеде жарандарга кызмат көрсөтө турган 72 жатак орун болот.

Макулдашууда мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптер менен программаларды өткөрүп берүү, жыл сайын 20 кыргыз дарыгерин Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Стипендиант-студенттер Ченөө, тандоо, жайгаштыруу борбору тарабынан тандалып, алардын саны эки тараптын ортосунда сүйлөшүлгөн кошумча келишимдердин негизинде аныкталмакчы.

Андан тышкары, Түркия эки тараптуу келишимде камтылган чараларды ишке ашыруу максатында, кошумча 15 млн доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлө турганы белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, кыргыз-түрк ооруканасында иштеген түрк адистери менен кыргыз дарыгерлеринин эмгек акысы жогору болот.

Министр ушул тапта кыргыз-түрк ооруканасынын курулушу аяктап калганын, зарыл болгон заманбап медициналык жабдуулар келип жатканын, үчүнчү деӊгээлдеги заманбап оорукана ушул жылдын ичинде ачыла турганын билдирди. Ал келишимди ратификациялоо жол-жоболорун тездетүү зарылдыгын, келишим жакын арада түрк парламенти тарабынан да ратификациялана турганын кошумчалады.
Депутат Элвира Сурабалдиева министрден кыргыз-түрк достугу ооруканасы мамлекеттик деп аталганы менен, бейтаптар акы төлөп дарылана турган медициналык мекеме болорун жаап-жашырбай ачык айтууну талап кылды.

Министр мурдагы келишимде чындыгында эле ушундай шарттар болгонун, бирок акыркы сүйлөшүүлөрдүн негизинде келишимге бир катар өзгөртүүлөр киргизилгендиктен, жарандар ооруканада акысыз дарылана турганын билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком