08:04, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Ири өрттө күйүп кеткен үйдө солярка мыйзамсыз сатылган, - Мамэкотехинспекция

На русском
17:47, 15 жалган куран 2019 121
Өрт
Өрт
// АКИpress

Баракелде -  Бүгүн, 15-мартта Бишкек шаарынын четинде, тактап айтканда Новопавловка айылындагы ири өрттө күйүп кеткен турак үйдө солярка мыйзамсыз сатылчу. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Сокулук району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Азамат Абдылдаев АКИpress агенттигине берген комментарийинде билдирди.

Анын айтымында, 5-март күнү Мамэкотехинспекциянын борбордук аппаратынын тапшырмасы менен башкармалыктын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Новопавловка айылындагы Дэн Сяопин көчөсүндөгү баш аламан соода-сатыкка каршы күрөшүү боюнча рейд өткөрүшкөн.

«Негизинен чоң жолдун боюнда көмүр жана күйүүчү май сатышат. Сатуучуларга тиешелүү документтер, өрт өчүрүүчү каражаттар болушу керек экени түшүндүрүлгөн. Алар бардыгын алып, бирок биз кеткенден кийин эле кайра сатып башташат», - деди ал.

Инспектор белгилегендей, өрттөнгөн үйдүн бет маңдайында, тактап айтканда жолдун боюнда күйүүчү май сатылат.

«Болжолдуу маалымат боюнча, жүк ташуучу унаада дизелдик күйүүчү май болгон, анын кесепетинен өрт жалбырттап кеткен», - деди Абдылдаев.

---------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Новопавловка айылындагы ири өрт саат 15:42де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен 3 турак үй (болжол менен 420 чарчы метр), 1 оор жүк ташуучу унаа, 1 контейнер күйгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Өрт чыккан аймакка 5 өрт өчүрүү бөлүмү, ИИМдин, райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлери жана «Тазалык» ишканасынын суу ташуучу унаалары тартылган. Өрт тууралуу билдирүү саат 12:07де келип түшкөн.

Күбөлөрдүн бири: «Өрт Новопавловка айылында чыгып, үйлөр күйдү. Андан кийин өрт өчүрүүчүлөр чакырылды», - деген.

Дагы бир күбөнүн айтымында, өрттөнгөн үйдүн тургундары күйүүчү май сатып иштешет. Ал эми күйүп кеткен жүк ташуучу унаада көп өлчөмдөгү солярка бар болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком